Чоң Чүй каналынан эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 10-сентябрь күнү саат 12:07 чамасында Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Чоң Чүй каналынан азиат улутундагы, жашы 25-30 чамасындагы эркек адамдын жансыз денесин суудан чыгарышкан. Табылган сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.