Бишкекте Кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин "Звёзды Содружества" аттуу сыйлыгын алганына карата майрам өткөрүлөт

16-cентябрда Бишкектеги Орусиялык билим жана маданият борборунда Г.Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинин директору, Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Казакстандын жана Орусиянын Көркөм академиясынын академиги Юристанбек Шыгаевдин “Звёзды Содружества” аттуу сыйлыгын алганына карата майрам өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Иш-чаранын алкагында сүрөтчү өзүнүн басып өткөн чыгармачыл жолу, Кыргызстандагы көркөм өнөр искусствосунун өнүгүшү тууралуу айтып, коноктордун суроолоруна жооп берет. Ошондой эле Ю.Шыгаевдин сүрөттөрү көргөзмөгө коюлат.

Шериктеш өлкөлөр арасында берилүүчү бул сыйлык 5-жолу тапшырылган. Ал 2009-жылы Өлкөлөр арасындагы гуманитардык байланыш фонду тарабынан негизделген. Ага илим жана билим, маданият жана искусство, гуманитардык ишмердик жаатында орчундуу иш алып барган инсандар талапкер боло алышат. 

Аталган сыйлыкка Кыргызстандан Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин мурунку башчылары Султан РаевИбрагим Жунусов, белгилүү дарыгер Сабырбек Жумабеков жана Кыргыз улуттук илимдер академиясынын экс-президенти Шарипа Жоробековалар ээ болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан