Жогорку Кеңештин 11-сентябрдагы жыйынында Исмаил Исаков: "Жол жээктериндеги ажатканалардын абалына ит ыйлайт, киргиң келбейт",- деди. Депутаттын айтымында, министрлик унаа жолдорунун абалына кайдыгер карап жатат.
"Транспорт министрлигинин жасап жаткан иштерин байкап жатасыздарбы? Жолдорду карасаңар, бир да маалымат тактасын көрбөйсүңөр. Жол көрсөтмөлөрү бири жашыл, бири кызыл менен жазылып турат. "Бул чакырымдан кийин ашкана, ажаткана, эс алуу жайы" деп жазып коюш керек да. Ажатканаларга киргиң келбейт. Республиканын бардык аймактары ушундай. Кайдыгер карабай, ушуга окшогон иштерди аткарыш керек да",- деди Исаков.