Жириновский Украинанын өкмөт башчысы Арсений Яценюкка "гуманитардык жардам" деп темир меш, көмүр, мангал, көлөч жөнөттү

Орусиялык депутат Владимир Жириновский Украинанын премьер-министри Арсений Яценюкка "гуманитардык жардам" деп жылуу буюм-тайымдарды жөнөттү. Жириновский украиналык чиновник үчүн эмнелерди топтогонун журналисттерге жарыялады. "Посылкада" темир меш, көмүр, ширеңке, мангал, көлөч жана калың күрмө бар экени белгилүү болду. 
"Украиналык саясатчыларга быйыл кышта эмне зарыл болсо, баарын жөнөттүм. Эми Яценюк "точно" үшүбөйт" деген Жириновский бугунун терисинен тигилген өтүк да жибермей болуп, бирок акырында айнып кеткен. "Бул бут кийим өтө сонун. Жакшысы, муну өзүмө калтырайын. А Яценюкка мына, көлөч жиберем. Күрмө жана көлөччөн отурат, ага өлгөн жаныбардын шыйрагын мангалдан алып келип беришет. Күрмөнү кийип алып, 31-декабрдагы өкмөттүн акыркы жыйынына жөнөйт",- дейт депутат. 
Украина өкмөт башчысына делген москвалык түйүнчөктө орус-украин чек арасына салынып жаткан "Стена" курулушуна керектүү шаймандар дагы бар. Жириновскийдин айтымында, бул долбоор өтө кымбат, Яценюк жеңин түрүп өзү иштегенге туура келет. "Мейли, жаңы кесибин өздөштүрсүн. Мына ага мастерок жана кол кап, колу тоңбосун. Батыштан жардам болбойт. Өзүнүн чек арасын дубал менен тосуп чыгыш үчүн европалыктарга акыркы ыштанын сатууга туура келет",- дейт ал.   
Жириновский бул аракетин Украинада газдын тартыш болушу жана көмүр шахталарын жардырып талкалап салышканы менен байланыштырды.
Эскерте кетсек, Украина бийлиги буга чейин орус-украин чек арасында "Стена" аттуу долбоор баштаганын билдирген болчу. Ага ылайык, чек ара аймагына эки тарапты бөлүп турган аң (чуңкур), тосмо, мунара жана видеобайкоо системи пайда болмокчу. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан