Бүгүн, 11-сентябрда парламенттин жыйынында депутат
Мамат Орозбаев Өзгөн районунда бир катар мектептердин курулушу башталып, бирок аягына чыкпай жатканын айтты.
Шералы айылындагы Касымалы Рысбаев атындагы мектептин курулушу үч жыл мурун башталып, бирок үчүнчү кабатына келип иш токтоп калганына токтолду. "Шералы мектеби авариялык абалда турат. Жер катуу силкинсе, балдарды басып калат. Ошол себептен мектепти куруу ишин тездетели деп үч жылдан бери чуркап жүрүп, тендерден утуп алган, бирок иш азыр токтоп турат. Өкмөт ушул ишти көзөмөлгө алып койсо",- деди Орозбаев. Депутат мектеп окуучулары 4-5 жылдан бери жарым-жартылай болуп чатырда окуп жатышканын кошумчалады.