Бүгүн, 11-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында эл аралык илимий-практикалык конференциянын экинчи күнү өтүп жатат. Анын жүрүшүндө иш-чаранын жалпы жыйынтыктарын чыгаруу пландалган.
Айта кетсек, бул конференция кечээ, 10-сентябрда башталып, анда чет өлкөлүк окумуштуулар дүйнө жүзүндөгү суу тартыштыгы жана мөңгү маселесин талкуулашкан. Мындан тышкары алар жана кыргызстандык адистер баяндамалар менен чыгышып, кырсыктардын алдын алуу боюнча сунуштарын айтышкан.
Иш-чарада 14 мамлекеттен (Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мүчө мамлекеттери, Финляндия, Швейцария, Индия ж.б.) окумуштуулар катышууда.