Таласта чек арадан мыйзамсыз өтүп жаткан казакстандык 6 жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан бүгүн, 11-сентябрда кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, "Талас" чек ара отрядынын чек арачылары чек ара бекетинен алысыраак аймак аркылуу мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 6 казакстандык жаранды кармашкан. Текшерүүдө алардын өздүгүн тактоочу документтери жок экени аныкталган. Алардын жанынан 5 ээр, 5 жүгөн, 4 уюлдук телефон табылган.
Тиешелүү документтер толтурулган соң, кармалгандар УКМКнын Талас облусундагы кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.