Депутаттар мамлекеттик банктар боюнча саясатты кескин өзгөртүү зарыл экенин айтышты

Мамлекеттик банктарга карата мамлекеттик саясатты кескин өзгөртүүгө мезгил жетти. Ансыз мамлекеттик банктардын иши оңолбойт. Бул тууралуу депутат Абдимуталип Кочкорбаев Жогорку Кеңештин 11-сентябрдагы жыйынында айтты. Депутаттын айтымында, мамлекетке караштуу банктарга караганда коммерциялык банктар кыйла натыйжалуу иштеп, кирешени көп табат. "Мисалы, эмне үчүн мамлекеттик бюджеттин каражаттары ушул кезге чейин мамлекеттик банктар аркылуу эмес, коммерциялык банктар аркылуу жүгүртүлүп келет? Киреше мамлекеттик казынага эмес, жеке бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп жатпайбы. Бул жерде кайсы бир аткаминерлердин жеке кызыкчылыктары бар экени байкалып турат. Мамлекеттик каражат мамлекеттик банктар аркылуу гана жүгүртүлүүгө тийиш. Биз андай жосундарга жол бербешибиз керек",- деди Кочкорбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан