Жогорку Кеңештин 11-сентябрдагы жыйынында депутат Туратбек Мадылбеков "Жунда" заводунун өнүмү Кыргызстанда калбай, сыртка чыгарылып кетүүдө" деп билдирди. Депутаттын айтымында, завод иштеп чыккан керосин менен бензин коңшу өлкөлөргө ташылып жатат. "Биздин экологияны бузуп жатышат, ал эми заводдун пайдасын башка өлкөлөр көрүшүүдө. Мунун бизге кереги жок",- деди Мадылбеков.
Эскерте кетсек, буга чейин Кара-Балта шаарындагы "Жунда" заводу абаны булгап жатканын айтышып, бир нече жолу митингге чыгышкан.