Аксы районундагы 5 айыл өкмөттүн биринде да өрт өчүрүүчү унаа жок. Муну парламенттин 11-сентябрдагы жыйынында депутат
Кантемир Мурзабеков айтып чыгып, буга көңүл бурууну өкмөттүн парламенттеги өкүлүнөн өтүндү. Депутат акыркы окуялардын бирин мисал келтирди.
"Жакында чөп жүктөп бара жаткан бир автоунаа күйүп кетиптир. Тургундар өрт өчүрүүчү унаанын жоктугунан тутанган отту өчүрүп калууга мүмкүн болбой калганын айтышты. Бул маселени чечип берсеңер жакшы болмок",- деди депутат.
Мурзабеков Таш-Көмүр шаарындагы темир эритүүчү заводдун курулушун колдой турганын, бирок мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн айрым тактай турган маселелер бар экенин кошумчалады.