Бишкекте "мечитке келген жарандын чөнтөгүнөн капчыгын уурдаган" деген шек менен борбор калаанын тургуну кармалды

Бишкекте "мечитке келген жарандын чөнтөгүнөн капчыгын уурдаган" деген шек менен борбор калаанын тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-сентябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Мурат аттуу жаран мечитте болгон кезде анын чөнтөгүнөн белгисиз адамдар акча жана документтери салынган капчыгын уурдап кетишкен. Бул тууралуу милицияга кабарланып, аз өтпөй шектүү катары 17 жаштагы Даниел аттуу шаар тургуну кармалган. Иликтөөдө кармалган жаран мурда да мечитке келген адамдардын буюмдарын уурдап жүргөндүгү ачыкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан