"Супер-Инфонун" тандоосу боюнча “Супер ырчы мырза” наамынын 2 жолку ээси, көптөгөн хит ырлардын аткаруучусу Нурлан Насип 10-сентябрда Бишкектеги түнкү клубдардын биринде 24 жашын белгиледи. Нурландын туулган күнүндө ырчылар Аваз Акимов, Илгиз Абдалиев, Асел Кадырбекова, Данияр Эрматов, клипмейкер Эрнист Сыдыков, “тамашоучулар” Самат Эркинбеков, Эмил Эсеналиев, Рүстөм Нурболот уулу жана башка достору куттуктап, ак тилектерин айтышты.
“Туулган күнүм менен куттуктап СМС жазып, телефон чалып каалоо-тилектерин айткан күйөрмандарым, досторум көп болду. Кээ бирине жооп жазууга үлгүрбөй калып жаттым. Кайсы дүкөнгө кирбейин, баары белек берип, мени ого бетер сүрдөтүштү. Буга чейин өздүк майрамды белгилөөгө өтө деле маани бербей келгем. Бирок 24 жаш мен үчүн маанилүү, анткени бул жылы ата-энемди көпкө күттүрбөй келиндүү кылгым келет. Баса, туулган күнүмдө атама темир тулпар белек кылдым”,- дейт Нурлан Насип.
Ошондой эле ырчы туулган күнүнө келген коноктор үчүн сюрприз жасады. Кафеде отурган досторун сыртка алып чыгып, атайын даярдалган автобуска түшүрдү. Мындай идеяны ага жакын досторунун бири сунуш кылган. “Туулган күндө баары бир жерде эле отуруп, ырдап-бийлеп, ичип-жеп кетип калышат. Мен ал салтты бузуп, коноктор менен биргеликте түнкү Бишкекте сейилдеп, өзгөчө майрам тартуулагым келди. Бул баарына жакты деп ойлойм”,- дейт ырчы.