Депутаттар "Манас" аэропортуна барчу жолдун жээгиндеги курулуштарга нааразы
Жогорку Кеңештин 11-сентябрдагы жыйынында депутаттар "Манас" аэропортуна барчу жолдун боюна курулуп жаткан үйлөр боюнча маселе көтөрүштү. Айнуру Алтыбаева муну өкмөт иликтеп чыгышы керек деп эсептейт. Сугат жерлерине турак жай куруу туура эмес экенин айткан депутат буларга токтолду: "Аэропортко барчу жолдун жээгинде көп кабаттуу эмес, жер үйлөр курулууда. Бул көрүнүшкө 2 жылдай болуп калды, ары-бери өткөндө көрүп жатсаңар керек. Буга кандайча жол берилип калды? Сугат жерлерге үй салууга болбойт, муну иликтөө зарыл".