Депутаттар Бажы биримдиги боюнча өкмөттүк саат уюштурууну сунуш кылышты

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Роза Акназарова Бажы биримдиги боюнча өкмөттүк саат уюштурууну сунуш кылды. "Ушул жылдын 1-январынан тартып Кыргызстан Бажы биримдигине кирет деп жатабыз, бирок терең талдоо жүргүзүлгөн жок. Киргенден кийин азык-түлүктөрдүн баалары биримдикке кирген мамлекеттер менен теңелет. Ал биздин ички рынокко кандай таасир этет? Биримдикке мүчө болгондо алып сатарлар, ортомчулар гана пайда таап калбайбы?"- деди Акназарова.

Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков: "Биз парламенттик угууну май айында өткөргөнбүз. Толук кандуу болгон. Мыйзамдар талкууга алынып келсе, анан коомдук угуулар болот",- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан