Асылбек Жээнбеков: “Бажы биримдигине кирүүдөн башка жолубуз жок”

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөн башка жолу жок. Муну парламенттин 11-сентябрдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирип, көпчүлүк депутаттардын ою да ушундай экенин белгиледи.

“Бажы биримдигине киришибиз керек, муну экономисттер жакшы түшүнүп турат. Бирок элге туура маалымат жеткирүү жагы ойдогудай болбой жатат. Чынын айтыш керек, айрым өкмөт мүчөлөрүнө караганда депутаттар жакшы маалымат беришүүдө. Мына, кесиптешибиз Марат Султанов “Эмне үчүн Бажы союзуна киришибиз керек?” деп сонун маек берди. Айлананы карайлы, бүгүнкү күндө бир гана жолубуз бар. Дүйнөлүк рынокко чыгууга бирден-бир жолубуз - Казакстан менен Орусия. Эртең Бажы союзу эшигин жаап койсо каякка барабыз? Элге туура маалымат жеткирүү жагын активдештириш керек”,- деди төрага. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан