Бүгүн, 11-сентябрда ЖКнын жыйынына депутат Акылбек Султанов Оштогу Манас-Ата кичи районунун тургундары кытайлык ишкананын түтүнүнөн жабыркап жатканын айтты. Анын айтымында, кытай ишкерлерин колдогондор жогорку кызматтарда отурушат. Андыктан элдин кайрылуусуна эч ким жооп бербей жатат.
"Мага өтө орчундуу каттар келди. Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунун жанындагы мурдагы “Текстильщик” комбинаты сатылып, ал жерге жаңы конуш түшкөн. Конушка улай кытай ишкерлери ачкан ишканадан чыккан түтүн бул конушту каптап келет. Жергиликтүү тургундардын бийлик ээлерине жасаган кайрылуусунан эч майнап жок болуп жатыптыр",- деди Султанов.