Жоомарт Оторбаев жакында "Кумтөр", Батукаев, Ош дирекциясы, энергетика маселеси боюнча парламентте маалымат берет
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев жакында "Кумтөр", Батукаев, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы, энергетика жана башка олуттуу, резонанс жараткан маселелер боюнча парламентте маалымат берет. Муну бүгүн, 11-сентябрда парламент жыйынында спикер Асылбек Жээнбеков билдирди. "Мен бул боюнча премьер-министр менен сүйлөштүм. Жакында парламентке келип маалымат берет",- деди Жээнбеков. Жыйында депутат Ташполот Балтабаев "Кумтөр", Батукаев, Ош дирекциясы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиялардын ишинин дайыны чыкпай калганын билдирген эле. "Батукаевге жалган диагноз коюлуп, түрмөдөн чыгарылганы аныкталды. Эмне үчүн буга эч ким жооп бере элек? Парламент мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөчү орган катары бир чара көрүшү керек",- деген эле Балтабаев.