Таш-Көмүрдөгү темир эритүүчү заводдун экологиялык экспертизасы жок экени элди кооптондурууда. Бул тууралуу депутат Кантемир Мурзабеков Жогорку Кеңештин 11-сентябрдагы жыйынында билдирди.
"Мен заводдун жетекчилигине кайрылсам, алар азырынча экологиялык экспертизанын жок экенин айтышты. Ал эми мэрия заводдун курулушу өкмөттүн токтому менен башталганын билдирди. Албетте, заводдун курулуп жатканы жакшы жышаан, кошумча жумушчу орундары түзүлөт, калк турмушу жакшырат. Бирок шаардын экологиялык абалы, жергиликтүү тургундардын ден соолугу дагы көз жаздымда калбашы керек",- дейт депутат.