Кыргызстан аркылуу Палестина, Сирияга барууну максат кылган тажик жараны: "Мусулман бир туугандар кыйналышты, аларга жардам берем"

Бүгүн, 11-сентябрда Ош шаардык ИИБинин кызматкерлери тарабынан Түркияга учуп кетүүгө камынып жаткан тажикстандык жаран кармалды. Ыкчам маалыматтарга караганда, кармалган жаран Кыргызстанга келип, кийин Түркия аркылуу Палестинага, Сирияга согушуу үчүн барууну максат кылган. Өз сөзүндө кармалган Комил Рахматов: “Палестиналык мусулман туугандар аябагандай кыйналышты, аларга жардам берем, акырына чейин барам”,- деп билдирген. Буга катар эле ал Палестинага баруу үчүн өзүнүн уюн сатып келгендигин, ок атуучу куралды барган өлкөдөн таап аларын айткан.

Комил Рахматов буга чейин коңшусун сабап койгондугу үчүн соттолгондугу белгилүү болгон. Учурда укук коргоо кызматкерлери аталган жаран боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
lampard8
2014-09-11 12:19:07
тупой
0
mirbakg
2014-09-11 12:27:25
Кыргызстандын эмне иши бар тажиктердин жараны менен туркияга эс алганы кеттам деп кетебер да
-1
ACAH_AKA
2014-09-11 12:36:15
Кыргызстан проходной двор бекен бул жон кетпей озуно кошо беш алтоону иле кетсе керек ээрчитип тиги бу деп
0
kursantbek
2014-09-11 12:52:30
Таджикистандан нары кете бер бизге проблема болбой сенида эчким кармабайт)))
0
Topchubai
2014-09-11 15:50:55
Бул жакка Этобекти чакырыш керек экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан