Кемин районунда сел алып кеткен 15 үйгө мамлекет көңүл бурбай жатыптыр

Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айылындагы сел алып кеткен 15 үйгө мамлекет көңүл бурбай жатат. Бул маселени бүгүн, 11-сентябрда парламент жыйынында депутат Асия Сасыкбаева көтөрүп чыкты.

Депутаттын айтымында, ар бир үй-бүлөгө 200 миң сомдон ссуда бөлүнүптүр, бирок Мамлекеттик курулуш агенттиги акча бөлүп бербей жатат.

Акча бөлүнбөй, 15 үй-бүлө сыртта калып жатат. Май айынан бери министрлер менен бул маселени сүйлөшүп жатам, бирок беш айдын ичинде бир жыйынтык чыккан жок. Биздин министрликтер эмне кылып жатышат, кенедей маселени чече албай?”- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан