Ысык-Ата районундагы өрт дале өчө элек

Ысык-Ата районундагы өрт дале өчө элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күнү өрт көзөмөлгө алынган, бирок карагай, арчалардын тамырлары дале түтөп жатат.

“Күнүгө ал жакта балдар күзөттө турушууда. Айрым жерлерде дүмүрлөр дале түтөп жатат. Аны өчүрүүгө балдардын алы келбей жатат. Жамгыр жаап калса жакшы болот эле”,- дейт ӨКМнын басма сөз кызматы.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-августунда Ысык-Ата районуна караштуу Туюк капчыгайында өрт чыккан. Анын кесепетинен 1000 гектарга жакын куураган чөп жана бадалдар күйүп кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан