Бүгүн, 11-сентябрда Бишкекте жоголуп кеткен наристе ата-энесине өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, бүгүн эртең менен Түштүк магистраль жана Бах көчөлөрүнүн кесилишинен жарандар 5 жаштагы бала апасынын атын айтып ыйлап жатканын көрүшүп, анын адашып кеткенин билишкен. Кийин баланы милиция бөлүмүнө алып келишкен. Аз убакыт өтпөй адашып кеткен баланын апасы милицияга кайрылып, уулу жоголуп кеткенин маалымдаган.
Милиция кызматкерлери баланын ата-энеси менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүп, уулун ата-энесине өткөрүп беришкен.