Кыргызстанда жарандар уюлдук оператор алмаштырганда телефон номурларын өзгөрүүсүз калтыра турган мыйзам сунушталууда. Демилгенин автору – депутат Өмүрбек Текебаев. Анын айтымында, бул мыйзам долбоору жарандарга ыңгайлуулук жаратуу үчүн сунушталууда.
“Азыр уюлдук операторлор улам жаңы кызматтарды сунуштап жатышат. Биринен сыналгы көрүүгө болот, экинчисинде интернеттин ылдамдыгы абдан жогору. Бара-бара биздин оюбузга келбеген кызматтар сунушталып калышы мүмкүн. Бирок абоненттер бир оператордон экинчи уюлдук операторго өтсө, колдонуп жүргөн телефон номурун алмаштырууга мажбур болушууда. Көпчүлүк эски номурун өзгөрткүсү келишпейт, айрыкча кичи жана орто бизнеси барлар. Анткени эски тааныштарын, кардарларын жоготуп алууну каалабайт. Бул мыйзам бир оператордон экинчисине номурду өзгөртпөстөн өтүүгө мүмкүндүк берет. Мунун арты менен операторлор ортосундагы атаандаштык күчөйт”,- деди Текебаев.
Өмүрбек Текебаев кырдаал боюнча бир катар мисалдарды келтирди. "Мисалы, мен жаңы кызматтарды сунуштап жаткан бир операторго өткүм келип жүрөт. Бирок эски номурумду жоготушумду каалабайм. Азыр телефонумда Дооронбек акенин номуру жүрөт (ред. Дооронбек Садырбаев), мен анын атын телефондон өчүргөн эмесмин. Анткени тизмеден өчүрүп салсам, ал кишини акыл-эстен өчүрүп салгандай болом. Мага окшоп бир номурга байланып калгандар көп. Мисалы, чачтарач, тиш догдур. Алар өздөрүнүн кардарлар базасын өмүр бою топтошот, "келиңиз, отуруңуз" деп. Анан аларды бир күндө жоготуп алгысы келишпейт да. Азыр телефон аркылуу 3-4 гана кызматты колдонуп жатабыз, келечекте укмуш тейлөөлөр сунушталышы мүмкүн. Каалаган адам гана өзгөртөт, эч ким мажбурлабайт. Кааласа өтсүн, каалабаса консерватор бойдон жүрө берсин",- деди депутат.
Депутат дүйнөнүн 65 өлкөсүндө мындай тажрыйба бар экенин, буга бюджеттен акча каралбай турганын айтты.