Түштүк аймактык топурак агрохимиялык лабораториясы колдоого муктаж

Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан Түштүк аймактык топурак агрохимиялык лабораториясы колдоого муктаж. Бул тууралуу маселени депутат Зайырбек Жоошбеков 11-сентябрда парламент жыйынында көтөрүп чыкты. Депутат бул мекемени оңдоого каражат бөлүү менен көңүл буруу зарылдыгын өкмөткө багыттады. "Бул лаборатория 1972-жылы ишке киргизилген. Топуракты асылдандыруу сындуу иштерди жүргүзгөн бул лабораторияда өз маалында миңдин тегерегинде адам иштеген. Азыркы күндө болсо он чакты гана адам иштейт. Тургундар лабораторияны жоготуп албайлы деп тынчсызданып жатышат",- деди депутат.

Спикер Асылбек Жээнбеков да бул маселени колдоого алып, өкмөттү чара көрүүгө чакырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан