Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 31 өрт кырсыгы катталып, Бишкектеги "Сүйүү" эс алуу жайынын жанында куураган чөп күйгөн

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, 2014-жылдын 10-сентябрында саат 08:30дан 10-сентябрь, саат 08:30га чейин республиканын аймагында 31 өрт кырсыгы катталган.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 7, Чүй облусунда 9, Ысык-Көл облусунда 5, Ош облусунда 5, Баткен облусу 2, Жалал-Абад облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарындагы “Сүйүү” эс алуу жайынын түштүк жагында 300 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан