Бүгүн, 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркиядагы Ван провинциясынын губернатору Айдын Незих Доганды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Кыргызстан менен Ван провинциясынын кызматташтыгы талкууланды. Анда этникалык кыргыздар жашаган Ван провинциясы эки тарапты бириктирип турган чынжыр экени айтылды. Белгилей кетсек, Айдын Незих Доган 9-14-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндарына катышуу үчүн келген.