ЖКнын 11-сентябрдагы жалпы жыйынында “Телефон байланышы жана почта кызматы” мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлуп, биринчи окууда добуш берүүгө жиберилди. Демилгечи Өмүрбек Текебаевдин айтымында, учурда жарандар мобилдик кулчулукка айланып калышууда. Эл бир гана телефон номерине көнүп калып, аны өзгөрткүсү келбейт. Айрыкча ишкерлер кардарларын жоготуп жатышат. “Биз жарандарыбыздын жашоосун жеңилдеткен мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Номерлерди өзгөртпөй эле башка операторлорго өтүү мүмкүнчүлүгүн түзүп беришибиз кажет. Муну менен операторлор арасында атаандаштык күчөйт. Ишкерлердин ишин жеңилдетет. Кардарларды жоготпогонго мүмкүнчүлүк түзүлөт”,- деди Текебаев.
Талкууда Транспорт жана байланыш тармагынын директору Чыңгыз Бекташев мобилдик операторлор 2016-жылдан баштап бирдиктүү номерге өтүүгө даяр экенин билдирди. Талкуунун жыйынтыгында депутаттар мыйзамды биринчи окууда кабыл алып, добуш берүүгө жөнөтүштү.