Жыл башынан бери 8 айда 286 жол кырсыгы катталып, 14 адам каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Ош шаарынын Жол-кайгуул кызматынан маалымдашты. Ал эми жыл башынан бери жол кырсыгынан жабыркагандардын саны 386 адамды түзгөн.
Маалым болгондой, кырсыктардын көпчүлүгү жол эрежелеринин сакталбагандыгында экенин жол-кайгуул кызматындагылар айтышууда.