"Жогорку окуу жайына өткөрүүнү убада кылып, абитуриенттерден акча алган" деп шектелген ОшМУнун медициналык факультетинин студенти жалпы 1,5 миллион сом алган. Бул тууралуу 9-сентябрда ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.Буга чейин Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетинин 6-курсунун студенти Саматов Курманбек окууга өткөрүүнү убада кылып абитуриенттерден акча алып жүргөнү айтылган эле. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 9 адамдан акча алганы айтылган. Учурда арыз менен кайрылгандардын саны 11 адамды түздү.
"Шектүү Курманбек Саматов Ош шаардык ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шаардык сот ал жакта кармоо мөөнөтүн узартты. Азыр анын үстүнөн тергөө иштери жүрүп жатат жана анын шериктери болушу мүмкүндүгү текшерилүүдө" деп айтылат маалыматта.