Сокулук районунда зордуктоо фактысына шектелген жаран кармалды

Сокулук районунда зордуктоо фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 7-сентябрь күнү милиция кызматкерлерине 22 жаштагы кыз кайрылган. Анда ал бейтааныш жаран көчөдөн тосуп алып, күч колдонуп зордуктаганын айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын натыйжасында кылмышка шектүү делинип 1984-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну кармалган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
temirov76
2014-09-12 06:58:43
Тартиптин мыйзам кучунун жоктугу,ушул иш кытайда болгондо не болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан