Баткен. Кадамжайда 14 жаштагы кыз "сибирь жарасына кабылган" деген шек менен ооруканага жаткырылды

Баткен облусунун 14 жаштагы тургуну "сибирь жарасына кабылган" деген шек менен ооруканага жаткырылды. Муну өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн бүгүн, 11-сентябрда ырастады.

Маалыматтарга караганда, Кадамжай районунун Марказ айылынын 14 жаштагы тургунунун колуна белгисиз жара чыккан. Өз алдынча дарылоодон жыйынтык чыкпаган соң, ал ооруканага кайрылган. Кадамжай райондук аймактык ооруканасынын дарыгерлери 14 жаштагы кыздын колундагы илдет сибирь жарасы болушу мүмкүн экенин айтышкан. Кийин анализдер Ош шаардык лабораториясына жөнөтүлгөн. Аталган 14 жаштагы кыз буга чейин мектепке барып, классташтарына аралашып жүргөн, андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмүнө профилактикалык иштерди жүргүзүү боюнча тапшырма берилди.   

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
lampard8
2014-09-11 18:02:43
ал кандай оору?
0
Manasemetei
2014-09-12 03:28:20
Al oto jaman oru.uilarda kezdewet.uilardy orttop salat antpese bul ooru olboit deit
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан