Жалал-Абад облусунда адам өлтүрүү фактысына шектелип эки жаран кармалды

Жалал-Абад облусунда адам өлтүрүү фактысына шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 11-сентябрда билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-сентябрь күнү Таш-Көмүр шаарында 28 жаштагы жаранды белгисиз адамдар сабап, оор абалда көчөгө таштап кетишкен. Кийин жабыркаган жаран ооруканага жеткирилип, ал жакта эсине келе албай каза тапкан.

Учурда кылмышка шектүүлөрдүн экөө кармалып, үчүнчүсүн кармоо иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан