Жогорку Кеңештин бүгүн, 11-сентябрдагы жыйынында Өмүрбек Текебаев тарабынан демилгеленген стратегиялык ишканалардын ишинин себепсиз токтотулушуна бөгөт коюуга багытталган “КР Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды.
Талкууда Текебаев мыйзам жоболорун бузган жактарга карата 12 жыл эркинен ажыратуу жоопкерчилиги каралганын, стратегиялык ишканалардын катарына менчик түрүнө карабастан өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 2 пайыздан ашык бөлүгүн түзгөн ишканалар кире турганын билдирди.
“Стратегиялык маанидеги ишканалардын үзгүлтүксүз иштеп туруусу мамлекеттеги туруктуулуктун сакталышы, калк турмушунун жакшыруусу менен тыгыз байланышкан. Мындай ишканалар кошумча жумушчу орундарын гана түзбөстөн, өлкө бюджетинин ырааттуу толукталуусун камсыз кылат. Мисалы, “Кумтөр” кенин иштеткен компания ишти токтотуп коюп саботаж жана шантаж кылууга акысы жок”,- дейт Текебаев.
Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.