"Кыргызстанга 120 депутат" көп деген пикирлер туура эмес. Муну парламент депутаты Өмүрбек Текебаев 11-сентябрдагы “Парламент” радиосундагы маегинде билдирди. Текебаев депутаттардын саны анчалык мааниге ээ эмес деп эсептейт. “Азыр серепчи, саясат таануучумун дегендер дайыма үстүртөн ой жүгүртүшөт, терең иликтешпейт. Илимдин доктору деле "120 депутат көп, 70 кылыш керек" деп чыгат. Орусияда "500 депутат көп, 200гө түшүрөлү" деп эч ким айтпайт. Чыгым кетирем десе 30 депутат деле кетирип коёт. Дүйнө өлкөлөрүнүн 90 пайызынын парламенти 100дөн ашык өкүлдөн турат. Бул депутаттар жагабы, жакпайбы, булардан башка тың чыкмалар жок, кийинки чакырылышта деле ушуга окшогондор келишет. Анткени коомдун аң-сезимдик деңгээли ушундай. Чынын айтканда, жаңы келген депутаттар 4 жылда көп нерсе үйрөнүштү, эбегейсиз тажрыйба топтошту. Жумуш боюнча чет өлкөгө кеминде 10 жолудан чыгып келишти. Бул – чоң байлык. Эгер депутат болбой калышса, айыл өкмөт башчы болуп майын чыгара иштей турган деңгээлге жетишти”,- деди Текебаев.
"Менин бир катам - Конституция түзүп жатканда, дүйнөлүк тажрыйбада жок экенине карабай “бир депутаттын чыгымы мынча сомдон ашпайт” деп жазып койсом болмок экен. Чыгымды азайтууга аракет кылдык, бирок депутаттар парламентке келип алгандан кийин макул болушпайт экен”,- деп кошумчалады депутат.