Жогорку Кеңештин 11-сентябрдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков Ысык-Көлдө өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына депутаттарды катышып келүүгө чакырды. Төрага Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтө жогорку деңгээлде өткөнүн билдирди. “Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өтүп жатканы мамлекетибиздин аброю үчүн чоң жумуш болду. Ачылыш аземи өтө жогорку деңгээлде өттү. Оюндар да жакшы деңгээлде өтөт деген ишеничим бар. Дем алыш күндөрү сиздер да барып катышып келиңиздер”,- деди Жээнбеков.