Өмүрбек Текебаев: “Мурунку өкмөт отставкага кеткенден кийин Алмазбек Атамбаев мага “өкмөттү Жоомарт Оторбаевге бер” деди”

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 11-сентябрда “Парламент” радиосундагы маегинде орчундуу делген бир катар маселелер боюнча пикирин айтты. Угармандардын бири Жоомарт Оторбаевдин өкмөт башчылыгына кантип тандалганын сурады. Текебаев буларды айтты:

“Өзүм билгендердин баарын сизге айта албайм, бирок четин чыгарып коёюн. Өкмөт отставкага кеткенден кийин Алмазбек Атамбаев мага “ары же бери болбой, бир жакка өт, биз менен кошо жоопкерчиликти ал” деди. Керек болсо “өкмөттү Жоомарт Оторбаевге бер” деп айтты. Анан бул маселени фракцияга киргиздим. Ал жерде да көптөгөн сунуш-пикирлер айтылды. “Атамбаев куу, азыр кыйынчылыктар болуп жатат. Ушундай маалда баарын бизге жүктөп, эртең “мына “Ата Мекен” аткара албай калды” деп жамандап чыгат. Анын үстүнө шайлоо да келип калат” дешти. Терең ойлонуп көрүп, эл алдында чогуу жооп берели деген чечимге келдик. Ошондо КСДП фракциясы да колдоп берди. Албетте, көйгөйлөр бар, өкмөт колдон келгенин жасап жатат, келбегенин биз айтып жатабыз”.

Өмүрбек Текебаев мурунку эки өкмөттүн кетирген кемчилиги Оторбаевге зыянын тийгизип жатканын айтат. “Быйыл аба ырайы кургакчыл болду, буга эч кимди күнөөлөй албайбыз. Мурунку эки өкмөттүн тушунда сууну ысырап кылып агызып жиберишкен. Буга түздөн-түз күнөөлүү болбосо да, анын кесепетин жоюуга Оторбаев милдеттүү. Коңшулар газ бербейбиз дештиби, демек, беришпейт. Албетте, буга Оторбаевдин күнөөсү бар, коңшулар менен тил табышып, абалды буга жеткирбеш керек болчу. Бирок кадыр-барк, улуттук ар-намысты унутуп, алардын алдына барып чөгөлөп албашыбыз керек. Муну чечүүнүн башка жолдору да бардыр”,- деп билдирди “Ата Мекендин” лидери. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан