Өмүрбек Текебаев: “Бабанов, Келдибеков дегендер кимдер? Бардык бийликке кызмат кылып байлык топтогондор”

2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноолор боюнча “Ата Мекен” фракциясынын айрым депутаттарына тагылган айыптоо далилденген жок. Муну 11-сентябрда фракция лидери Өмүрбек Текебаев угармандын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Депутат ал учурда Убактылуу өкмөттү түзүү иштери менен алектенип жүргөнүн айтты. “Биз тандап алган жол (Убактылуу өкмөт түзүү) идеалдуу жол болгон экен. Тилекке каршы, үчүнчү күчтөрдүн айынан Ош окуясы болуп, муну бир аз булгап койду. Мына, Ливия, Сирия, Ирак, Украинаны карайлы, эмне болуп жатат? Бизди айыптап чыккан Бабанов, Келдибеков, Рысалиев дегендер кимдер? Бардык режимге кызмат кылып жүрүшүп байлык топтогондор. Бүгүн эми бизди каралап отурушат”,- деди депутат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан