Кыргызстанда жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо иши жарандардын укугун бузбайт. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев ушундай пикирде. Айтымында, айрым укук коргоочулар адамдардын укугу дегенди башкача түшүнүп, элдин башын айлантууда. "Биометрикалык маалыматтарды алууга болбойт, манжа менен көздүн саймалары адамдын өзүнө гана тийиштүү" деп каршы чыккандар болду. Азыр адамды жүзүнөн айырмалайбыз, паспортко, айдоочулук күбөлүккө, студенттик билетке сүрөттөрүбүздү беребиз. Бирок жүз өзгөрөт экен, жаш курак өзгөрөт, тааныш-билиштик болот экен... А компьютер дос-тууган дегенди билбейт. Бул иш шайлоого гана керек эмес, келечекте баары компьютерлештирилет. Ошондо паспорт алып жүрүүгө зарылчылык жоголот. Мисалы, бармак изиң менен айлыгыңды, пенсияңды берип коюшу мүмкүн. Тескерисинче, бул нерсе адамдын укугун коргойт. Банктан акчаңды сенден башка эч ким ала албайт. Сенин ордуңа башка бирөө добуш бере албайт”,- деди депутат.