КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Азербайжандын премьер-министри Артур Расизаде менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда КРнын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалын жана перспективаларын талкуулашты. Алар илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 2-отурумунун жыйынтыгы жөнүндө да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Т.Сарпашевдин айтымында, кыргыз-азербайжандык мамилелердин ортосунда жакшы өзгөрүүлөр байкалууда. Ал президенттер бекиткен келишимдер аткарылып жаткандыгын да баса белгиледи. Андан соң Т.Сарпашев кыргыз-азербайжандык инвестициялык фондду түзүүнү жана инвестициялык форумду өткөрүүнү сунуштады.
Азербайжандын өкмөт башчысы Артур Расизаде өз кезегинде: “Биздин өлкөлөрүбүздүн жана бир тууган элдерибиздин ортосундагы кызматташтык чоң келечеги бар. Мындан ары өлкөлөр аралык байланыштар бекемделерине мен толугу менен ишенем”,- деп билдирди.
Айта кетсек, 2014-жылдын 6 айынын ичинде Кыргызстан жана Азербайжандын ортосундагы соода жүргүзүү 9,7 миллион долларга жетип, 56,4 пайызга өстү.