Жогорку Кеңеш “Кумтөр” ишканасын атайлап токтоткон жетекчилерди жана кызматкерлерди 15 жылга чейин эркинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды. Мындай чечим парламенттин 11-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды. Мыйзам долбоору бүгүнкү жыйында кызуу талкууланды. Айта кетсек, демилге 3 ай мурун парламентте каралып, бир катар сунуштардан кийин демилгечи депутат Өмүрбек Текебаев долбоорду 2-окуунун режиминде артка кайтарып берүүнү өтүнгөн эле. Айрым кемчиликтер оңдолуп, депутаттар бүгүн колдоп беришти.