Парламент "КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун 2-окууда колдоду. Мыйзам долбооруна ылайык, эл аралык маанидеги унаа жолдорун мыйзамсыз тоскон тараптарга администрциялык жоопкерчилик каралат.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Майрамбек Расулов: "Мыйзамда жол тосуу тартип менен көрсөтүлгөн. Макул, жолду тосушсун, бирок башка адамдарга тоскоолдук жаратпашы керек. Анан 23 же 24 саат бою чоң жолду тосуп туруп алса, ага жоопкерчилик каралышы керек",- деди.