Кыргызстанда 2014-жылдын январь-август айларында 26,2 миллиард сом салык жыйналды. Муну бүгүн, 11-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Аталган сумма 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 миллиард 301 миллион сомго же 9,7 пайызга көп экени айтылды. Жыл башынан бери кыймылсыз мүлккө салык жыйноо 105,9 пайызга, багбанчылык багытында пайдаланылган жерлердин салыгы105,7 пайызга, сатуудан түшкөн салык 100,2 пайызга, "Кумтөрдөн" түшкөн дүң киреше 106,4 пайызга, кендерди иштетүүдөн түшкөн салык 104,9 пайызга аткарылыптыр.