Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңеш "Айрым категориядагы кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары активдерге ээ болууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду. Демилгечиси - депутат Исмаил Исаков.
Аталган мыйзам долбоору саясий жана мамлекеттик кызматтагы адамдарга өлкөдөн сырткаркы аймактагы банктарда акча сактоого жана мүлккө ээлик кылууга тыюу салат. Андан сырткары чиновниктин башка мамлекеттерге качып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк бербейт. Эгерде өз эсебин ачып, акча сактаган болсо, жогорку кызматка 5 жылга чейин баруусуна туюу салып, мүлкү мамлекеттин эсебине өткөрүлүп алынат.
Мыйзам долбоору 5 эле беренеден турат.
1-беренеде кызмат адамдарына, алардын жубайларына жана жашы жетпеген балдарына чектөөлөр көрсөтүлгөн.
2-беренеде текшерүүнүн тартиби аныкталат.
3-беренеде – текшерүүнү жүргүзүүнүн негиздери.
4-беренеде белгиленген тыюуну бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги, негизги жоопкерчилик болуп кызмат ордунан бошотулушу каралууда.
5-беренеде мыйзамдын күчүнө кирүү жол-жобосу аныкталган.