24-январда Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйынынын президиуму жана төрагасы шайланды. Ал Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасы Элчибек Жантаев. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгү билдирди. Кошмо жыйынга райондогу 13 айыл өкмөттүн 173 депутатынын ичинен 158и катышты. Президиумга 5 талапкер көрсөтүлүп, 3 талапкер шайланды. Аталган жыйынга өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов, аппарат жетекчиси Нурбек Осмонбаев жана Ак-Суу райондук администрация башчысы Жолдош Байсейитовдор катышты.