Мамлекеттик кадр кызматы менен Азербайжандын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча комиссиясынын ортосунда меморандумга кол коюлду

Бүгүн, 11-сентябрда Баку шаарында Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматы менен Азербайжан президентинин алдындагы Мамлекеттик кызмат маселелери боюнча комиссиянын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Кыргыз тараптан документке аталган кызматтын башчысы Аалы Карашев кол койду. Меморандумдун максаты - тараптар ортосундагы мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик кызмат маселелери боюнча кызматташууну бекемдөө. Мамлекеттик органдарда тийиштүү укуктук иштерди уюштуруу, борбордук жана аймактык деңгээлде кадрларды башкаруу, мамлекеттик кызматтагы коррупция менен күрөшүү жаатында тараптар алаканы күчөтмөкчү. Маалыматты МККнын басма сөз кызматы билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан