Спорт чөйрөсүндө япониялык күйөрмандардын маданиятына жогорку деңгээлдеги баа берилет. Футбол, баскетбол же башка спорт түрлөрү боюнча мелдеш көрүүгө келген япониялыктар мелдеш өтүп жаткан имараттарга ала кирген суусундуктарынын бошоп калган шишелерин же түрдүү баштыктарын өзүлөрү менен ала кетишет.
Чолпон-Ата шаарында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан ат майданында андай көрүнүш дээрлик катталган жок. Оюндар бүткөндөн кийин бул жерде киши жок, болгону оюн көргөнгө келген эл таштаган таштандылар калууда. Бир катар мамлекеттин өкүлдөрү келип жаткан жерде бул нерсе жакшы көрүнбөйт экен. Мындагы таштандыны көрүп, кыргыздын "ат оонаган жерде түк калат" деген кеби эске келет.