Социалдык өнүгүү министрлигине 8 айда жарандардан 575 кайрылуу түшкөн. Муну 11-сентябрда министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин коомдук кабылдамасынын башчысы Тамара Султанбекованын билдиришинче, кайрылуулардын 82 пайызына тийиштүү реакция жасалды. Ал эми калганы министрликке тиешелүү эмес маселелер боюнча кайрылуулар болгон. "Бизге көбүнчө аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар, Чернобль кырсыгынын катышуучулары, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери кайрылышат. Министрдин дарегине 248 кат келген",- деп билдирет Султанбекова.
Кайрылуулардын ар бир бешинчиси жеңилдиктерди берүү боюнча болгону айтылды.