Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Азербайжанга болгон иш сапары учурунда аталган өлкөнүн президенти Ильхам Алиев менен жолугушту. Маалыматка таянсак, жолугушууда Сарпашев: "Кыргызстан Азербайжан менен болгон кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө маани берет. Биз Азербайжандан өлкөбүздүн айыл чарба, кайра иштетүү, энергетика жана туризм тармагы үчүн инвестиция тартууга кызыкдарбыз. Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында конкреттүү инвестициялык долбоорлорду талкууладык",- деп билдирди.
Алиев эки өлкөнүн саясий байланышы канааттандырарлык экенин белгиледи. "Өкмөттөр аралык комиссиянын экинчи жыйынын өткөрүү эки тараптуу кызматташтыкты мындан да кеңейтүүгө чоң өбөлгө болот",- деди ал.