Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева Ош шаарындагы айрым социалдык мекемелердин ордуна көп кабаттуу үйлөр, сейил бак аймактарына коммерциялык имараттар курулуп жатканын айтып чыкты. Депутат мындай баш аламан курулуштарга жол бергендерди жоопко тартууну өкмөткө сунуштады. Ал эми депутат Эркин Сакебаев Бишкек шаарын айланып өтүүчү жолдун боюндагы Алга айылында 600 үй-бүлөнүн жери жок. "Айыл өкмөтүнүн карамагындагы 10 гектар жер 20 жылдан бери иштетилбейт же элге берилбейт. Жергиликтүү бийликтин жерди трансформациялоо боюнча документтери даяр",- деп билдирди. "Баткен районунун Зар-Таш айылында 6 гектарга айдалган күрүчтү суу алып, дыйкандар чыгымга учурады" деген депутат Ташполот Балтабаев өкмөт тарабынан компенсация өңдүү чаралар көрүлүшү керектигин белгиледи.