Вице-спикер Асия Сасыкбаева Кытай парламентинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ян Долин менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева бүгүн, 11-сентябрда Кытайдын Элдик саясий консультативдик кеңешинин (парламентинин) Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ян Долин менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын андан ары бекемделишине жана өнүгүшүнө түрткү берүүчү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мааниси белгиленди.

Асия Сасыкбаева Кыргызстан өлкөнүн тышкы саясатындагы артыкчылыктуу мүнөзгө ээ достук мамилелерге чоң маани бере турганын айтты. "Дипломатиялык байланыш түзүлгөн 22 жылда Кыргызстан менен Кытай чек ара маселелерин чечти, ири келишимдик-укук базасы түзүлдү, эки тарапка тең пайдалуу мамилелер жөнгө салынды. Азыр биздин өлкөлөрдүн ортосунда карама-каршылыктар жок",- деди ал.

Жолугушууда парламенттер аралык кызматташтык маселелери да козголду. Сасыкбаева Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун 2014-жылдын май айында Кытайга жасаган расмий иш сапарынын маанисин белгиледи. "Мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы кызматташтык кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүнүн өтө маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналат", - деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде Ян Долин кытай тараптын өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө максатталган эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди. Ал Кыргызстан менен Кытайдын президенттеринин эки тарапка болгон иш сапарлары эки мамлекеттин кызматташуу деңгээлин жогорулаткандыгына токтолду. Я.Долин эки жактын кызыкчылыктары чагылдырылган соода-экономикалык, социалдык-маданий, гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну бекемдөө жана өнүктүрүү зарылдыгын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан